
* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр
Эгемберди Бекболиев Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара деген айылда төрөлгөн.
Мектепти бүткөндө Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшырган. 1973-1975-жылдары Эгемберди Бекболиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келет да, кайрадан окуусун уланткан. Эгемберди Бекболиев "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Президент жана бомж" ж.б. тасмаларда роль жараткан.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги Өзгөн районунда жапа чеккен үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иретинде 5 миң долларды Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомуна тапшырган. Кызыл Жарым Ай коому Кытай мамлекети берген каражатка жер көчкүдөн жабыр тарткан 350 үй-бүлөгө тамак-аш сатылып алынарын билдирген.
* Мындан 812 жыл мурун, 1202-жылы а
дамзат тарыхындагы эң кыйраткыч деп саналган зилзала Сирияда болгон. Күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөөдөн 1 миллион 100 миң киши каза болгон.