Биз социалдык тармакта

Депутаттар укук коргоо кызматкерлери тарабынан жарандардын укуктарынын бузулушу боюнча нааразычылык айтышты 

Кыргызстандагы укук коргоо органдары жарандардын укуктарынын бузулушуна айыпталып канча кызматкери иштен айдалганы боюнча маалымат бербей жатышат. Муну бүгүн, 21-майда парламент жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди. Айтымында, былтыр 174 адамга мыйзамсыз иш козголгон. “Мен 3 жылдан бери сурайм, бирок толук кандуу маалымат беришпейт. “Мындай иштер жасалды” дегенден башка жооп айтышпайт. Жарандардын укугун бузганы үчүн канча кызматкер жоопко тартылганы боюнча да унчугушпайт. Башкы прокуратура гана берди”,- дейт депутат.  

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан