Улуттук филармонияда Дооронбек Садырбаевдин өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган иш-чара өтөт

28-майда саат 10:00дө “Ала-Арча” мемориалдык комплексинде Дооронбек Садырбаевди эскерүү максатында митинг-реквием өтөт. Андан соң 11:30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Дооронбек Садырбаевдин өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган иш-чара болот. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиди.

Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаев кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, жазуучусу жана коомдук ишмери болгон. Ал 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. 1957-жылы орто мектепти аяктап, Бишкектеги Медициналык институтка тапшырган. Академик Иса Ахунбаев сыяктуу илимпоздордун дарсын уккан. Кийин Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган. Анын юмордук аңгемелери ("Сатин көйнөк" - "Ситцевый бумеранг" аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган.

Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда дүйнө салган. Каза болгондон кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан