
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Кыргыз Эл артисти, дирижёр жана композитор
Насыр Давлесов 83 жашка караган курагында узак оорудан улам көз жумган. Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси, профессор, КРнын Мамлекеттик Гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июнда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында өтүп, маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган. Насыр Давлесов "Евгений Онегин", "Олжобай менен Кишимжан" операларын, "Спартак" балетин койгон. Солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн кантаталар, эл аспаптар үчүн сюиталар, музыкалык комедиялар, оркестр үчүн марштар, күүлөр, сүйүү жана патриоттук-музыкалык темадагы ырлар, романстар, хорлор, аспаптык пьесалар, балдар үчүн ырлар, кино жана циркке музыка жазган. Насыр Давлесов Кыргыз Республикасынын Искусствого эмгек сиңирген ишмери. Ал Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.

* Мындан 347 жыл мурун, 1667-жылы
Франциянын падышасы Людовик XIVнүн сарай кызматчысы, врач Жан-Батист Дени дүйнөдө алгачкы жолу адамдын канын алмаштырган. Тактап айтканда, ал 15 жашар өспүрүмдүн канын алмаштырган. * Мындан 117 жыл мурун, 1897-жылы Индиянын Ассам штатында күчү 8,1 баллга жеткен жер титирөө болуп, 1500 кишинин өмүрүн алып кеткен. Зилзаланын күчүнөн рельеф катуу өзгөрүүгө дуушар болуп, бул аймакты таанууга мүмкүн болбой калган даражага жеткен.