5 ай ичинде республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 37 миллиард 878 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июндагы маалымат жыйынында каржы министри
Ольга Лаврова билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, январь-май айларынын аралыгында республикалык бюджет 94,5 пайызга аткарылган. Өткөн жылга салыштырмалуу жалпы чыгашалар 3 миллиард 432 миллион сом же 10 пайызга өскөн.
Каржылоо багытындагы чыгашалар 5 ай аралыгында 29 миллиард 101 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 15,1 пайызга өскөн.