“Кыргызстанда жер семирткичтерди өндүрүүчү ишкана курулушу керек”,- деп айтты бүгүн, 12-июнда Кыргыз агробиоборборунун башчысы Жаныбай Туманов.
Анын айтымында, аталган ишкана Таш-Көмүрдө курулушу пландалууда. Анын болжолдуу түрдөгү баасы 350-380 миллион долларга барабар. “Учурда аны курууга кытайлык жана түштүк кореялык корпорациялар кызыкдар. Ушул ишкана бизге абдан керек. Анткени эгер биздин дыйкандар 1 килограмм жер семирткичин 20-25 сомдон алып жатышса, биз чыгарсак, 5 сомдон болот”,- деди ал.
Мындан тышкары ал ишкана 5 жыл ичинде өз чыгымдарын актай аларын баса белгиледи.