Асылбек Жээнбеков парламент жетекчилери Валентина Матвиенко менен Сергей Нарышкинди Орусия күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкинди мамлекеттик майрамы – Орусия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул күн Орусиянын бирдиктүүлүгү менен улуулугун символдоштурат. Биз ырааттуу өнүгүп жаткан кыргыз-орус салттуу ымаласын өтө баалайбыз. Биздин парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди бекемдөө Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын элинин бакубат келечеги үчүн кызмат кылат. Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш, ал эми Орусиянын элине тынччылык жана бактылуу келечек каалайм”,- деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан