Каржы министри: "Баалуу кагаздарды ишке киргизүү менен Кыргызстан 100 миллион сом киреше тапты"

Бүгүн, 12-июндагы маалымат жыйынында КРнын Каржы министри Ольга Лаврова: "5 жылга чейинки мөөнөт менен баалуу кагаздарды иштетүүдөн Кыргызстан 100 миллион сом киреше тапты",- деп билдирди.
Анын айтымында, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайып кетишин көзөмөлдөө үчүн Каржы министрлиги баалуу кагаздарды сатуу идеясын иштеп чыккан.
"Буга чейин баалуу кагаздарды кыска мөөнөт менен, 3 айга, 6 айга жана башка милдеттенмелер менен 2 жылга деп чыгарып жатканбыз. 2014-жылы каржы ажырымын толуктоо үчүн көп убакытка чыгаруу боюнча чечим кабыл алдык",- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан