Бүгүн, 12-июндагы маалымат жыйынында КРнын Каржы министри
Ольга Лаврова "2014-жылы Кыргызстанда каржы таңсыктыгы 9 миллиард 430 миллион сомду түзөт" деп билдирди.
"Бюджеттин ресурстук бөлүгүн аткарып жатабыз. Ал эми пландалган кирешелер бюджетке жетишин камсыз кылуу үчүн жана киреше бөлүгүн аткаруу үчүн бардык чараларды көрүп жатабыз",- деди министр.
Эске салсак, 2014-жылга карата божомолдордо бюджеттин киреше бөлүгү 107,110 миллиард сом, чыгаша бөлүгү 116,553 миллиард сом деп айтылган.