Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова Алайдагы кырдаал боюнча Өмүрбек Текебаевдин пикирине ыраазы болгонун билдирди. Жолдошова Алайдагы митингге парламенттеги 5 фракциянын лидерлеринин баруусун сунуштады. “Кечээги жыйында кесиптешим Өмүрбек Текебаев ушундай маселе көтөрүп чыкты. Мен ага ыраазы болдум. Дем алыш күнү фракция лидерлери барып эл менен жолугушуп келели”,- дейт депутат.
Айта кетсек, Алайда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары 27-майдан бери Ош – Эркеч-Там трассасын бууп турушат.