Мамлекеттик салык кызматы «Дордой» базарынан май айында 34,3 миллион сом салык чогултту. Буга чейин ай сайын 30-32 миллион сом чогултулуп келген. Бул тууралуу 12-июндагы маалымат жыйынында аталган мекеменин төрагасы Замирбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, бул багытта патент алгандардын тизмеси түзүлгөн жана аймакка салык салуу системин жакшыртуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Атайын түзүлгөн жумушчу топ ар бир соода түйүнүндө иш алып барып, натыйжада базардагы администрация иштеринин жакшырышына шарт түзүлгөн.
"Мамлекеттик салык кызматы кызматкерлерине салык төлөмдөрүн өлкө базарларында акчалай төлөөгө тыюу салды. Мурун салык төлөөчүлөр патент алуу үчүн кезек күтүп отурбай Салык кызматынын өкүлдөрүнө базарда отуруп акча төлөшкөнү белгилүү",- деди Замир Осмонов. Ошондой эле ишкерлерди банктарга жана төлөм кабыл алуучу терминалдарга төлөөгө чакырды.