Өзбекстан Баткендеги чек ара жаңжалында өрттөлүп кеткен 7 унаа үчүн 25,4 миң доллар төлөп берди
Өзбекстан Сох анклавындагы чек ара жаңжалынан жабыр
тарткан үй-бүлөлөргө 150 миң доллар төлөп берет. Бул тууралуу өкмөттүн
Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мамаджан Бердишев билдирди. Анын
айтымында, аталган жаңжалда өрттөлгөн 7 унаа үчүн 25,4 миң доллар төлөндү.
Ошондой эле жаңжал
учурунда өзбек жарандары айдап, өздөрүнүн аймагына киргизилип кеткен Honda CR-V, Audi жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү 3 унаа да өз ээлерине кайтарылып берилди.