Темирбек Асанбеков: "Митингдерди азайтуу үчүн алардын келип чыгуу себептерин талдап чыгышыбыз керек"

"Мекен ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков: "Митинг көбөйгөн өлкөдө митингдерди азайтуунун эң туура жолу - митингдерге себеп болуп жаткан жагдайларды туура чечүү",- деп билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда аталган партиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Ал ар кандай мыйзамсыз митингдерге каршы экенин белгилеп: "Митингдер боюнча пикир билдирүүдөн мурда  коомчулукта терең анализ жүргүзүп, митингдердин эмнеден келип чыгып жатканын жакшылап талдап чыгышыбыз керек. 
Мындай кырдаалдын эмне себептен чыгып жаткандыгын жана андай жагдайларды туура чечүү зарыл. Туура башкаруу системи, багыттуу жүргүзүлгөн сот реформасы жана андан келип чыгуучу туура жана иштей турган укуктук систем гана митингдердин алдын ала алат",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан