“Freedom House” уюму Кыргызстанды демократия принциптери өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошту. Маалымат уюмдун 12-июнда жарыяланган “Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр - 2014” деп аталган жаңы докладында айтылат. Докладдын авторлору 29 өлкөнүн 13үн демократиялуу, 6 өлкөнү өткөөл мезгилде, 10 өлкөнү авторитардык деп баалашты. “2013-жылы Орусиядагы, Азербайжандагы жана Казакстандагы атмосфера жарандык коомчулук үчүн бир топ чыдагыс болду. Кыргызстан менен Грузияда демократиянын рейтинги акыркы жылдары жогорулоодо. Беларусь, Түркмөнстан жана Өзбекстан мурдагыдай эле Евразиядагы эң авторитардык өлкөлөр катары эсептелет” деп айтылат докладда.
Уюмдун изилдөөсүнө ылайык, Орусия демократиянын деңгээли төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирди.