Асылбек Жээнбеков Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Баку шаарында өтүп жаткан ТүркПАнын жыйынынын алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.

Алиев эки мамлекеттин түпкү тарыхый тамыры бир экенин, алар жакын өнөктөш катары кызматташып жатканын белгилеп, “биз Кыргызстан менен бардык багытта кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө кызыкдарбыз” деди.

Жээнбеков кыргыз-азербайжан алакасынын өнүгүп жатышына оң баа берип, экономикалык байланышты чыңдоо өтө маанилүү экенин айтты. Кыргыз тарап Бишкек шаарында кыргыз-азербайжан инвестициялык фондун түзүүгө кызыкдар болуп жатканын белгиледи. "Азербайжан тарап мындай инвестициялык фонд аркылуу Кыргызстандын келечектүү рыногунун ар түрдүү тармактарына инвестиция сала алат",- деди кыргыз парламентинин жетекчиси. Жээнбеков эки тараптуу байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзө турган маданий, гуманитардык, социалдык, экономикалык алакаларды арттыруу боюнча биргелешкен долбоорлорго Гейдар Алиев фондунун катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү да сунуштады. 

Азербайжан президенти товар жүгүртүү деңгээлинин төмөндүгүн өкүнүү менен белгилеп, маселенин бул жаатында байланышты күчөтүү зарылдыгын айтты. 

Тараптар Кыргызстандын элчилиги үчүн Баку шаарынан имарат бөлүп берүү жана Азербайжандын дипломатиялык миссиясы үчүн Бишкек шаарында жер тилкесин берүү маселесин тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан