Кочкордо тургундардын койлорун, тоокторун өлтүрүп кетип жаткан жандык эмне экени дале белгисиз. Бул тууралуу Кочкордогу мергенчилер коомунун мүчөсү Арстанбек Имашов бүгүн, 16-июнда билдирди.
“Бир канча күндөн бери белгисиз жандык делинип жаткан немени ата албай жатабыз. Кочкордогу иттердин баарын кырып бүтмөй болдук. Мен ит эле го деп ойлоп жатам”,- деди Арстанбек Имашов.
Айта кетсек, буга чейин Кочкор районунда белгисиз “кан соргуч” пайда болуп, койлорду, тоокторду кырып жатканы айтылган эле.