* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Бото көз" чыгармасынын негизинде тартылган "Аптап" көркөм фильминин бет ачары өткөрүлгөн. "Аптап" көркөм фильмин режиссёр Лариса Шепитько тартып, чыгарманын бет ачары "Октябрь" жана "Ысык-Көл" кинотеатрларында көрсөтүлгөн. Кийин "Аптап" көркөм фильми Орто Азия жана Казакстан кинематографисттеринин жарышында жеңүүчү деп таанылган. Ошондой эле 1960-жылдардагы кыргыз кино кереметинин катарынан татыктуу орун алган.

*Мындан 154 жыл мурун, 1860-жылы акын, тамсилчи, бир катар насыят, санат, терме ырларынын жана поэмалардын автору
Тоголок Молдо Нарын өрөөнүнүн Куртка айылында туулган. Өз аты-жөнү - Байымбет Абдырахман уулу. "Шырдакбек", "Жаңыл Мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" да айтып элди көп кыдырган, санжыра жазган. Кошок ырлары да көп болгон. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары тамсилдери бар. Акындын ысымы көптөгөн айылдарга, көчөлөргө коюлган. Тоголок Молдо Ардак белгиси ордени менен сыйланган. Улуу акын 1942-жылы 82 жаш курагында кайтыш болгон.

* Мындан 129 жыл мурун, 1885-жылы Нью-Йоркко француз элинин АКШнын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына карата тартуу кылган белеги – "Эркиндик" айкели жеткирилген.