Элмира Ибраимова: “Эсептөө палатасы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишине аудит жүргүзө албайт”

"Эсептөө палатасы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишине аудит жүргүзө албайт",- деп билдирди Эсептөө палатасынын жетекчиси Элмира Ибраимова. Муну ал 16-июнда парламенттеги Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты. Мамлекеттик дирекциянын өткөрүп берген документтери толук эмес тапшырылганын билдирди.

"Мамлекеттик дирекция жоюлганда анын материалдарынын бардыгы архивге өткөрүлүп берилген. Бардыгы болуп 9 миң папка өткөрүлгөн. Бирок документтер толук эмес экендиги аныкталды. Башкы китеп жана эсеп китеби жок болуп чыкты. Биздин адистер аудит жүргүзүүгө аракет кылышты, бирок башкы документтер жок болгондуктан, ишти аягына чыгаруу мүмкүн болгон жок",- дейт Ибраимова.

Ошндой эле мурда мамлекеттик дирекцияда иштеген адамдар азыркы учурда мамлекеттик кызматтарда отурушканына токтолду. “Эсептөө китебин калыбына келтирүү үчүн биз алардын кайрадан мурдагы кызматына кайтып келүүсүн сурандык”,- деп кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан