Баткендин Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Сырт айылы менен Сай айылын бириктирип туруучу жаңыдан салынган көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
Анда Жеңиш Разаков жергиликтүү жашоочуларды ынтымакка чакырып, элдин биримдиги, ынтымагы, жыргал жашоосу үчүн эч нерсе аябаган чыгаан инсандардын көп болушун каалап, кандай гана кыйынчылык болбосун бийлик өкүлдөрү менен элдин ортосунда ынтымак, биримдик болгондо гана бардык нерсени жеңип чыгарын айтып, курулган көпүрө элге кызмат кылсын деген тилегин кошумчалады.
Маалым болгондой, көпүрөнүн жалпы сметалык баасы 700 миң сомду түзүп, 60 тоннага чейинки жүктү көтөрө алган, мамлекеттик стандартка жооп берген көпүрө болуп саналат. Ал Сырт айылынын тургундары - бир туугандар Кеңешбек Исаков жана Назирбек Исаков тарабынан демилге көтөрүлүп курулду.
Алар балдарына сүннөт той кылуу үчүн топтогон акчаны ушундай соопчулук ишине жумшоону туура көрүшүп, тойго кетүүчү акчага эки айылды бириктирүүчү көпүрө салышканын айтышкан. Аларга облус башчысы ыраазычылыгын билдирип өттү.