17-июнда Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда
Абдыкадыр Жолчиев билдирди.
Анда турак жай маселеси каралып, Базар-Коргон райондук архитектура жана мамлекеттик каттоонун башчысын кызматтан кетирүү талабы коюлду.
Жыйынга район акими, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана 500гө жакын жашоочу катышты.
Базар-Коргон айыл округунун башчысы Абдыкадыр Жолчиев: "Район аймагында 450 кожолук турак жайынын документин ала албай жаткандыгы жыйында айтылды. КРнын Өкмөтүнүн ушул жылдын 25-февралындагы «Сугат-айдоо жерлерине 2009-жылдын 31-июлуна чейин мыйзамсыз курулуп кеткен жеке турак үйлөрдү тактоо» жөнүндөгү мыйзамын кээ бир кызматтар аткарбай жаткандыгын тургундар айтышты",- деди.
Ошону менен катар элдик жыйындын жыйынтыгында Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жана Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчыларын кызматтан алуу талабы тийиштүү тараптарга сунушталып, токтом кабыл алынгандыгын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, 120 миңден ашык калкы бар район аймагында учурда 15 миңге чукул жаран жер тилкесин алууга кезекте турат.