Түркияга практикага барууга Кыргызстанда эл аралык студенттер отряды түзүлүүдө

Түркияга практикага барууга Кыргызстанда эл аралык студенттер отряды түзүлүүдө. Жаштар, эмгек биржасынын директору Азиз Идирисовдун айтымында, отряд июнь айынын аягында түзүлүп бүтүшү керек. Андан соң студенттер 3 айга Анталияга жөнөшөт.

“Биз биринчи жолу аталган отрядды түзүп жатабыз. Биздин студенттерди тажрыйба алмашууга алып барып келүүгө макул болгон эл аралык бирикмени тапканбыз. Студенттер эл аралык туризм жаатында тажрыйба алышат. Бардык чыгымды тосуп алчу жак алууда. Эң башкы талап - чет тилдерин билүү”,- дейт Азиз Идирисов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан