Бишкектин 6-кичи районунда элдин өтүнүчү менен аймактык милиция бөлүмү ачылды
Бүгүн, 18-июнда борбор шаардагы Октябрь районуна караштуу 6-кичи районунда элдин өтүнүчү менен аймактык милиция бөлүмү ачылды. Ага Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев аталган милиция бөлүмүнүн жетекчиси катары Майрамбек Исмаилов дайындалганын айтты. Бөлүм Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жана мэриянын колдоосу менен ачылгандыктан, иш-чарага мэр Кубанычбек Кулматовдун да катышуусу күтүлүп жаткан. Бирок ал катышкан жок.