Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-туру 7-12-июль күндөрү жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ал эми 2-тур 14-18-июль, 3-тур 21-26-июль күндөрү өтөт. 1-турга чейин жалпы тестирлөөдө мыкты жыйынтык көрсөткөн 50 абитуриент кабыл алынат. Алар эркин сертификатка ээ болушуп, каалаган окуу жайга жана өзү каалаган кесипке сынактан сырткары тапшыра алышат. Калган абитуриенттер билим грантын алуу үчүн сынакка катышышат. Бул үчүн ар бир окуу жайда атайын комиссия түзүлөт. Бюджеттик орунга кабыл алууда абитуриенттин социалдык категориясы эске алынат.