Жылнаама, 26-июнь: Мындан 1 жыл мурун өлкө башчы "Манас" аэропортундагы америкалык база боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон

* Мындан 120 жыл мурун, 1894-жылы Караколдогу белгилүү саякатчы Н.М.Пржевальскийге орнотулган эстелик шаардык бийлик тарабынан салтанат менен ачылган. Эстелик саякатчынын ишмердигин көрсөтүү максатында тургузулуп, ал ошол кездеги, ал түгүл азыркы шаар архитектурасынын көркүн ачкан искусство үлгүсүнө айланган. 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Мыйзамга ылайык, аталган Транзиттик борбор 2014-жылдын 11-июлуна чейин өлкөдөн чыгарылууга тийиш.
* Мындан 35 жыл мурун, 1979-жылы француз бийчиси SALAH Франциянын Сен-Дени шаарында туулган. Бийчинин өз аты-жөнү – Салах Бенлемкавансса. SALAH бийдин көп түрүн бийлеп, өзүнүн бий стилин "P.A.B.E" деп атап алган.
 
26-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан