Искра айылындагы өрттүн кесепетинен үй-жайсыз калган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан түздөн-түз жардам каралган эмес

Чүй районунун Искра айылындагы өрттүн кесепетинен үй-жайсыз калган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан түздөн-түз жардам каралган эмес. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

“Искра айылында өрттөн жабыркагандарга социалдык маселелер боюнча жардамдар берилип жатат. Бирок аларга түздөн-түз мамлекет тарабынан жардам каралган эмес. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жер тилкелери бөлүнүп берилиши мүмкүн”,- деди министр Кубатбек Боронов.

Эске сала кетсек, май айында Искра айылында өрт кырсыгы катталган. Анда 16 үй-бүлө үй-жайсыз калган эле. 20-июнда алар мамлекеттен жардам сурап кайрылышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан