Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков депутаттар тарабынан көтөрүлгөн айрым маселелерге карата өз пикирин билдирди. Өкмөт өзүнүн кемчиликтерин парламентке шылтабашы керектигин айтат парламент жетекчиси.
“Депутаттар айрым өкмөт мүчөлөрү өз кемчиликтерин депутаттарга шылтап жатканын айтышты, мен бул тууралуу мурда эле эскерткем, алар өз ишин Жогорку Кеңешке шылтабашы керек. Каражатты өкмөт бөлөт, биз аны бирге кароо менен бекитип берчүбүз. Конституциялык палатанын чечимине ылайык, эми аны да өзүңөр чечип калдыңар. Биз стратегиялык багыттагы гана сунуштарыбыз менен кеп-кеңештерибизди беребиз”,- дейт Жээнбеков.