Кыргызстанда Тажикстандын Маданият күндөрү башталды

Бүгүн, 17-январда Кыргызстанда кыргыз-тажик дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгынын урматына Тажикстандын Маданият күндөрү башталды. Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлиги кабарлады. Бул иш-чара КРнын Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов менен Тажикстандын КРдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Олим Рахимовдун жолугушуусунда макулдашылган. Маданият күндөрүн өткөрүүгө Тажикстандын Маданият министринин орун басары Мирали Достиев жетектеген чыгармачыл топ  Кыргызстанга келди. “Тажикстандын маданият күндөрү” бүгүн борбордогу А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концерти менен башталат жана ал жерде тажик искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Заур Дахтенин сүрөт көргөзмөсү да коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан