Жалал-Абад шаарында аймактык милициянын жаңы имараты салына баштады

27-июнда Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында аймактык милициянын жаңы имаратынын   пайдубалын баштоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага КРнын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, АКШнын элчилигинин укук коргоо жана эл  аралык баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы бюросунун Кыргыз Республикасы боюнча жетекчи өкүлү Александра Памерой жана бир катар облустук жетекчилер, ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилери,  ардагерлер, коомдук уюмдар, жалпы коомчулук менен бирге өздүк курамдын милиция кызматкерлери  катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан