2-6-июль аралыгында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген шашылыш билдирүүсүндө бул убакыт аралыгында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экени жазылат.