"Ал кызымдын этин сөөгүнөн ажыратыптыр, анан ага кайдагы мунапыс?!" дейт каза болгон Карина Кыштобаеванын апасы

"Мен соттон Наиль Надировду өмүр бою эркинен ажыратууну сурандым. Бирок ал мунапыска да илинип калды. Мен таң калам, ал кызымдын этин сөөгүнөн ажыратыптыр, анан ага кайдагы мунапыс?! Мен Бишкек шаардык сотуна кайрадан кароо үчүн кайрылдым",- дейт каза болгон Карина Кыштобаеванын апасы Адель Кыштобаева. 
Эске салсак, аталган кылмыш иши боюнча соттук отурум үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда болуп өткөн. Анда сот Надировду 13 жылга эркинен ажырата турган өкүм чыгарган. Анын түзөтүү абагында отурган күндөрү эсептелип, кыскартылгандан кийин ал жалпысынан 9 жыл абакта отурары белгилүү болгон.
2014-жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүккө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Бул факты боюнча шектелип 1987-жылы туулган Наиль Надиров кармалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aselina_kg
2014-06-30 12:46:19
Катуураак жаза берсе,кылмыштар азаят эле.Аттин таза иштеген адам жок!Коррупцияга белчебизден малынганбыз.
+4
kenzhe92
2014-06-30 15:32:13
13жылдагы эмес тогуз жыл дейт
0
gulperi.kg
2014-06-30 15:35:18
Суроттогу кыз сойку болгону учун тиги суротто журобу?же кандай?олоордон мурун тартып алгансынарбы милиция канадан?
+1
admin_portal
2014-06-30 16:00:15
rukopaWnik - 5 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
+1
ere
2014-06-30 16:24:28
мен да ошо фотого тан калып жатам каерден тартылган фото
+1
Alai.kyzy
2014-07-01 00:45:02
Адамдар аябай бузулуп баратышат. Мыкаачы... Журокту жумшартайлычы...
0
bekbolot-NOOKAT
2014-07-01 03:12:32
бул кыз не кылмыш кылганбы? суроту неге милиция канада тушкон?
+1
kg_07
2014-07-01 07:57:28
bekbolot-NOOKAT, al kiz prostituka bolup iwtegen eken.
+1
WINNER
2014-07-01 12:17:49
kg_07: Абайласан боло,коргонундой айттынго "экен" деп. Сой*у болгон убактада ал манкуртка 13 жыл аздык кылат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан