13 жылга эркинен ажыратылган Наиль Надиров абакта 9 жыл болот. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жогорку Соттон кабарлашты.
Сот КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, кылмышкердин сотко чейинки сурак учурунда түзөтүү колониясында өтөгөн жазасынын 1 күнүн 2 күн катары эсептөөнү буйруду. Эсептөөлөр боюнча 2014-жылдын 11-январынан тарта Наиль Надировдун колонияда өтөгөн 162 күнү 324 күн болуп эсептелип, берилген 13 жылдык жаза мөөнөтү 1 жылга кыскартылмакчы. Ошондой эле ал КРнын 2014-жылдын 28-январындагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына карата чыккан мунапысына илингендиги белгилүү болду. Бул Наиль Надировго берилген жазанын төрттөн бир бөлүгү кыскартылат дегенди билдирет.
Надировго 13 жыл берилип, анын 1 жылы түзөтүү абагында отурган күндөрү менен жоюлса, калган 12 жылдын төрттөн бир бөлүгү кыскартылганда, жалпысынан кылмышкер 9 жылга эркинен ажыратылат.
Буга катар эле КРнын Кылмыш жана жаза кодексиндеги 96-берененин 1-бөлүмүнө (аракечтиктен, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан, ВИЧ инфекцияларынан жабыркагандарды абактан медициналык дарылоодон өткөрүү) ылайык, Надировду баңгиликтен дарылоо курсунан өткөрүүнү милдеттендирди. Каза тапкан Карина Кыштобаеванын туугандары тараптын материалдык чыгымы үчүн 336 278 сом, моралдык чыгымдары үчүн кылмышкердин 500 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүсүн буйруду.