Бишкекте Токтогул көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп, анда Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жайгашкан троллейбустук темир-бетон түркүктөрү 1-2 метрге жылдырылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, интернет провайдерлерден жана кабелдик кызматтардан кабелдик линияларды жылдырууну суранууда.