Ош шаарында бир ай мурун башталган анимация жана ролик тартуунун жолдору көрсөтүлгөн тренинг жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда аталган тренингдин уюштуруучусу Нурсултан Манасов билдирди.
Анын айтымында, ага шаардагы балдар үйүнүн жана Кара-Суудагы дүлөй балдар жатак-мектебинин окуучулары катышкан. Аларга бир ай мультфильм, кыска метраждуу тасма тартуунун жолдору тууралуу сабактар өтүлгөн.
"Алгач тренингге 33 бала тандалып алынган. Биздин максат - балдар эмнени айткысы келсе, ошону билүү, аларга өз ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк жаратуу жана алардын ойлорун кандайдыр бир анимация же видео аркылуу билүү”,- деди Манасов.
Ал эми тренингдин жыйынтыгында катышуучулар тарабынан анимация боюнча 5 ролик, видео боюнча кыска метраждуу тасма тартылды.