Бүгүн, 1-июлда Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучулары «Алтын балалык» эс алуу борборуна жөнөп кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 100 окуучу болуп, алар 10 күн эс алышат. Алардын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жарым жетим балдар жана эң жакшы окуган окуучулар бар.