“Бирдиктүү мектеп формасы мектептеги бир катар социалдык маселелердин алдын алат. Окуучулардын ортосунда социалдык теңчилдикти сактайт. Бул пикирди колдоп, мен да добушумду бердим. Өкмөттүн атынан муну ишке ашырган мекеме кызматкерлерине жана жалпы уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем”,- деди бүгүн, 1-июлда бирдиктүү мектеп формасы боюнча сынактын жүрүшүндө КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.
Кошумчалай кетсек, бирдиктүү мектеп формасы боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынактын жыйынтыгы бүгүн, 1-июлда чыгарылды.