Онкологиялык оорулардан каза тапкан балдардын ата-энелери Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн жетекчисине чара көрүү боюнча президентке кайрылуу жасашты. Бул маалыматты КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.
Кайрылууда Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Байзакованын шалаакылыгынан каза болгон жана анын дарылоосунан майып болуп калган балдардын кайрылуулары Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каралбай келгендиги, Дамира Байзакова өз кезегинде ага карата 180ден ашуун арыз бар экенин жана эч нерсе кыла албай турганын билдиргендиги айтылат. Ошондой эле ата-энелер Дамира Байзакова көптөгөн балдардын өлүмүнө күнөөлүү экенин жана ушул жылдын 8-майынан тартып эле аталган бөлүмдө 20дан ашык бала каза тапканын маалымдашып, квалификациялуу врачтар иштеген болсо, канчалаган өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүн болмоктугун белгилешкен.
Буга катар эле кайрылууда ата-энелер Дамира Байзакова Лейла Расулова аттуу кыздын абалына көңүл бурбагандыктан, аталган кыз азап чегип жатып каза болгондугун, Темирбек уулу Тилек аттуу бала айыгып келе жатканда Байзакованын шалаакылыгынын айынан өмүрү менен кош айтышканын мисал катары айта кетишкен.
Ошондой эле Байзакова онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдардын ата-энелерине ооруканадагы, анын айланасындагы газондорду тазалоо боюнча жумуштарды жасаткандыгы айтылат.
Кайрылуунун акырында ата-энелер КРнын Президентинен жана премьер-министринен Дамира Байзакованын ээлеген кызматынан бошотулушун, ага карата айтылып жаткан күнөөлөр такталган күндө тиешелүү чечим кабыл алынышын өтүнүшкөн.