Ысык-Көл облусунда 10-январдан 15-январга чейин 11 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Өрт коопсуздугун алдын алуу башкармалыгынын ага инспектору Бекжан Жексембиев билдирди. Маалыматка ылайык, Каракол шаарында - 4, Ысык-Көл районунда - 2, Балыкчы шаарында - 2, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда бирден өрт катталды. Тилсиз жоонун негизги себептери электр чубалгыларын туура эмес туташтыруудан улам келип чыккандыгы белгилүү болду.