Ош. Кара-Суу районунда канализация дээрлик жокко эсе

3-июлда Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Евросоюздун Кыргызстандагы өкүлү Миа-Фатима Дюбуа-Буссаид жана Евросоюз банкынын өкүлү Катарин Бьерлин Ханхсен менен жолугушту. Анда алар районго канализация орнотуу боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу талкуу жүргүзүп, техникалык абалын текшеришти. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда райадминистрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор күз айларында ишке ашып, район эли канализация менен камсыз болот. Бул долбоор Тышкы иштер министрлигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан сунушталып, ишке ашырылууда.
Айта кетсек, учурда аталган райондун 3 пайыз гана эли канализация менен камсыз болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан