Бүгүн, 4-июлда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ушул жылдын 15-июнунда чыгарган жарлыгына ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда көп балалуу 39 энеге күбөлүк тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты. Маалым болгондой, күбөлүктөрдү райондун акими Семетей Черикбаев тапшырды. Айта кетсек, буга чейин аталган райондо 56 эне Баатыр эне орденин алса, 26 эне Эне даңкы орденин алган.