Мамлекеттик салык инспекциясы: "Эми салык төлөмдөрү терминалдар аркылуу төлөнөт"

Мындан ары салык төлөмдөрү терминалдар аркылуу төлөнөт. Бул тууралуу 4-июлда Жоомарт Оторбаевдин катышуусунда өткөн накталай эмес төлөм киргизүү жана ипотекалык насыялоону өнүктүрүү боюнча жыйында айтылды.

Ошондой эле Жол-кайгуул кызматы бир нече банк менен биргеликте айып пулдарды кабыл алуу үчүн патрулдук унааларга 250 пос-терминал орноткону маалымдалды. Анда айтылган маалыматтарга таянсак, айып пул төлөө үчүн супермаркет, май куюучу жайларда жана банктардын 35 бөлүмүндө 75 төлөм терминалдары пайдаланылат.

Жоомарт Оторбаев накталай эмес эсептешүүгө өтүүнүн оңдуу динамикасын белгилеп, мамлекеттик органдар бир гана банк менен эмес, бир нече банктар менен иш алып баруусу зарыл экенин билдирди.

Монополияга жол бербөө керек. Мен тараптан маморгандар тендердик негизде бир нече банкты тартуусу боюнча тапшырма берилген”,- деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан