Бүгүн, 7-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасы (ПРООН) Айыл чарба жана мелиорация министрлигине “Электрондук жайыт-комитет” маалымат системин берет.
Расмий түрдө системди тапшыруу аземине министрликтин жетекчилигинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Айта кетсек, “Электрондук жайыт-комитет” маалымат системи 2008-жылдан тарта өлкөдөгү жайыттардын абалын көзөмөлдөөгө карата иштелип чыккан.