Бишкек шаарынын Свердлов районунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иштей турган 35 жай белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, маалыматты чогултуу район аймагындагы орто мектептерде, “Кыргызтелеком” акционердик коомунда же “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунда, жарандык актыларды жазуу (ЗАГС) бөлүмүндө жүрөт. Ошондой эле Туризм академиясында, К.Тыныстанов атындагы китепканада жана Республикалык олимпиадалык резерв мектебинде кабыл алынат. Андан тышкары биометрикалык маалыматтарды чогултуу Учкун, Ак-Тилек, Ак-Бата, Эне-Сай, Бакай-Ата, Келечек жана Дордой конуштарында жүрмөкчү.