Бүгүн "Таласта сот аткаруучулар тарабынан зордукталды" делген Калия Арабекованын иши боюнча сот отуруму 21-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Талас шаардык сотунан бүгүн, 7-июлда билдиришти. Сот отуруму жабырлануучунун келбегендигинен улам жылдырылган. Бул боюнча жабырлануучу Калия Арабековага кайрылганыбызда: "Бүгүн сот отуруму болмок. Бирок мен өткөндө Бишкекте Жогорку Сотто сот болот деп келип алган боюнча, акчам жоктугунан Таласка кете албай жатам. Учурда кризистик борбордомун. Ооруп да калдым. Анын үстүнө сотко барганда жактоочум менен барышым керек. А жактоочуга акча бериш колумдан келбей жатат",- деп билдирди.
Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары "өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташкан" деп шектелишүүдө. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташканы айтылган. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүлгөн.