Түркияда ташталган 7 жаштагы кыргызстандык кыз мекенине кайтарылды

КРнын Социалдык өнүгүү министрлиги Түркияда ташталган 7 жаштагы кыргызстандык кызды мекенине кайтарып келди. Бул тууралуу 8-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилүү болгондой, көчөдө көптөн бери жашап келген кызды Түркиянын жараны Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна алып барган. Түркиялык жарандын айтымында, кыздын энеси баңгизатка көз каранды болуп келген. 

"Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кыздын энеси Түркиянын аймагына мыйзамсыз киргени аныкталган. Азыркы тапта анын жашаган жери белгисиз бойдон калууда. Бул боюнча маалымат түшкөндөн кийин министрлик тарабынан кыздын туугандарын издөө иштери башталган. Багып алуу ниети бар тууганы табылгандан кийин анын социалдык шарты текшерилген. Кечээ, 7-июлда Ош шаардык үй-бүлөнү жана баланы колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана Сузак райондук социалдык өнүүгүү башкармалыгы багып алган туугандары менен 7 жаштагы кызды аэропорттон тосуп алышты" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elish87
2014-07-08 14:01:00
Кыз байкуш ботон тил ботон жерде кандай кочодо жашады экен,апасын да издешсин эми туугандары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан