Бүгүн, 18-январда ЖКнын КСДП фракциясынын жыйынында 2012-2016-жылдары саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча “Ден соолук” программасы жөнүндө кеп болду. Анда Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын учурдагы абалы талкууланды. Депутат Дамира Ниязалиева өлкөдөгү медицина адистерин даярдоочу 7 ЖОЖ, 14 орто окуу жайдын ичинен экөөсү гана талапка жооп бере турганын айтты. "Медициналык академия менен Кыргыз-Орус Славян университетинин клиникалык базасы гана талапка жооп берет. Калган медициналык окуу жайларды текшерүүдөн соң аларды таптакыр жабуу чечимин чыгарганбыз, бирок башка комитет буга каршы чечим кабыл алды”,- деди депутат.