Мектеп директорлору менен 5 жылга эмгек келишими түзүлөт

Кыргызстанда мектеп директорлору менен 5 жылга эмгек келишими түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентинин “КР мамлекеттик коррупцияга каршы саясат стратегиясы жана коррупцияга каршы аракеттер боюнча иш-чаралар жөнүндөгү” жарлыгын аткаруу жана билим берүү системиндеги коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу иш-чараларынын планын ишке ашыруу максатында аталган министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №541-токтому менен бекитилген жалпы билим берүү мекемелери жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Сунушталган долбоорго ылайык, жалпы билим берүүчү мекемелердин директорлору менен эки жолудан ашпаган мөөнөткө, 5 жылга эмгек келишими түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sagyn01
2014-07-08 17:06:13
Келишим тузсо еле коррупция азайып кала бекен?
0
kursantbek
2014-07-08 18:24:54
президент катары шайланышат екенда директорлор)))
+1
Danel
2014-07-09 00:51:08
Бир жагынан туурале чечим,эгер 5 жылдын ичинде корупцияга катыштыгы болсо анда жоопко тартылат,экинчи жолу шайланбагына жакшы болуптур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан