Ошто сатуучулар айыл чарба продукциялары бир топ кымбат экенин айтышат

Жайдын орто чени болуп калса да, Оштун базарларында айыл чарба продукциялары жылдагыдан бир топ кымбат. Мунун себебин Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси Айбек Нуров жай мезгилинин кеч келгендигине байланыштырды.
Анын айтымында, айыл чарба продукциялары күндөн-күнгө арзандап барат. Бирок былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ кымбат. Ал эми сатуучулар Өзбекстандан жеткиликтүү деңгээлде мөмө-жемиштер келбей калганынан баалар кымбаттап жатканын айтышты.
Ошондой эле Ош шаардык монополияга каршы күрөшүү башкармалыгы "эгерде бааны жасалма жол менен гана көтөрүшсө, ошондо биз чара көрүү укугуна ээ болобуз" деген жообун узатышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан