Баткендин Лейлек районунун Маркун айыл өкмөтүнө караштуу Дархун айылындагы Шер Ташбалтаев мектебинин имаратынын курулушу менен өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков таанышып кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 200 орундуу спортзалы менен заманбап мектеп имаратынын курулуш иштери 2012-жылы октябрь айында башталган. Бул имараттын сметалык баасы 45 миллион сомду түзгөн. Азыркы убакта 35 миллион сомдук курулуш иши бүткөрүлгөн.
Дархун айылынын башчысы Сейдали Жолдошевдин айтымында, айылда 163 кожолук жашайт. Буга чейин аталган айылдын окуучулары ашар жолу менен курулган мектепте билим алып келишкен.
Шер Ташбалтаев атындагы жаңы мектеп 2014-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилет.