Америкалык ак көпөлөктөн зыян тартып, Бишкектеги жана Чүйдөгү мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгү азайышы мүмкүн

Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жемиштерге зыян келтирчү америкалык ак көпөлөк пайда болгону аныкталды. Бул тууралуу 9-июлда Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Зыянкеч Кыргызстанда биринчи жолу 2006-жылы пайда болгон. Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясы тарабынан Сокулук районундагы 40 гектар аянтка жана борбор калаадагы Биринчи Май, Свердлов райондорунда 256 гектар аянтка зыян келтирилгени аныкталган. 

Америка ак көпөлөгү 250дөн ашуун дарактардын жана бадалдардын түрүнө зыян келтирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Мэри
2014-07-09 18:18:05
Американын өзү эле эмес, курт-кумурскасы (ак көпөлөк, колорадо коңузу) да коркунучтуу, абайлаш керек )))
+2
samar55
2014-07-09 19:40:31
Манастагы базага башында эле киргизбегенде мындай проблема болбойт болчу...бул башталышы гана америкалыктар дагы эмне балеелерди жерибизге алып келгенин кудай билет.
-1
Dadasdasd
2014-07-09 22:49:16
Дары дармек жасаган компаниялар да жайылта берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан