Эртең, 10-июлда Чүйдүн жана Бишкектин айрым аймактарында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейинки убакытта Асанбай кичи районундагы №2, №3, №4, №8, №9, №10-көп кабаттуу үйлөрдө, Нарвская көчөсүндө жайгашкан №80-көп кабаттуу үйдө, Профсоюз, Месарош, Ашхабадская, Медеров, Чехов, Ошская, Кулиев, Зелёная, Москва жана Чүй кең көчөсүнүн айрым жерлеринде электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ошондой эле 9:00дөн 12:00гө чейин Панфилов районундагы Күрпүлдөк, Киров айылдарында электр жарыгына чектөө киргизилет. Жайыл районундагы Петропавловка, Полтавка айылдарында жарыктын 9:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлүшү күтүлөт.